Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:29

Кемпир-Абад иши: абактагылар ачкачылык жарыялаганы кабарланды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык билдирип ачкачылык жарыялаганы кабарланды. Тергөө абагындагылардын билдирүүсүн 23-августта укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына чыгарды.

Анда судья Марат Сыдыков сот отурумун утур-утур жылдырып жатканы, шектүүлөргө иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатканы жазылган.

“Урматтуу мекендештер, достор жана туугандар, ушундай шартта өзүбүздүн бузулуп жаткан ден-соолугубузга канчалык зыян келерин билсек да, протест катары ачкачылык жарыялоого аргасыз болуудабыз!”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров 21-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда абактагылар 22-августтан тарта кайра ачкачылык жарыялай турганын билдирген.

Канча киши ачкачылык кармап жатканы тууралуу так маалымат жок. Жаза аткаруу кызматы да азырынча комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары май айында да ачкачылык жарыялап, кийинчерээк токтотушкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG