Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Чүйдө ирригациялык системаны оңдоого 25 млрд. сом керектелери маалым болду


Жүгөрү талаасын сугарып жаткан дыйкан. Ысык-Ата району, Чүй облусу. 2023-жыл, 14-июль.
Жүгөрү талаасын сугарып жаткан дыйкан. Ысык-Ата району, Чүй облусу. 2023-жыл, 14-июль.

Чүй облусунун ирригациялык системасын модернизациялоого 25 млрд. сом керектелет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда кургакчылыкты алдын алуу үчүн ирригациялык тармактарды оңдоо жана жаңы гидротехникалык объектилерди куруу зарыл. Мекеме ирригациялык системаны оңдоо жөнүндө кенен маалымат берген жок.

Быйыл да сугат мезгили башталгандан тартып жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. Сугат суунун жетишсиздиги өзгөчө Чүй облусунда курч.

Жайында Чүйдүн дыйкандары бир нече жолу Бишкекте президенттик администрациянын имаратынын алдында нааразылык акциясына чыгышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG