Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Сот чеченстандык активист Мансур Мовлаевди эки айга камады


Мансур Мовлаев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 21-август, 2023-жыл.
Мансур Мовлаев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 21-август, 2023-жыл.

Кыргызстанда кармалган чеченстандык активист Мансур Мовлаев 21-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-августта чыгарганын адвокаты Илгиз Насыров кабарлады.

УКМК Мансур Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Мекеме 28 жаштагы шектүү радикалдуу идеологияны карманарын, ал Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында анын эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөп жүргөнүн кошумчалаган. Маалымат боюнча, ал быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнү аныкталган.

Чеченстандык активист менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери абактан жолугуп чыкканын жетекчиси Бакыт Рысбеков 21-августта “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, Мансур Мовлаев эч кандай кыйноого кабылбаганын, кармоо учурунда колу жана буту тытылып кеткенин айткан. Бул убактылуу кармоочу жайдагы медициналык китепчесине жазылган.

“Мансур Мовлаев эгерде Кыргызстандан экстрадиция болсо, барган жеринен сөзсүз кыйноого кабыларын айтыптыр”, - деди Рысбеков.

Илгиз Насыров шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып коюлганын айтты.

VC.RU сайтындагы маалымат боюнча, Мансур Мовлаев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири. Ал 2020-жылы үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан. (BTo/MKt)

XS
SM
MD
LG