Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Өзбекстандан Украинага 10 тоннадан ашык гумжардам жөнөтүлдү


Украинанын желегинин сүрөтү түшүрүлгөн дубалдын жанында бараткан бала. Одессада тартылган сүрөт.
Украинанын желегинин сүрөтү түшүрүлгөн дубалдын жанында бараткан бала. Одессада тартылган сүрөт.

Өзбекстандан Украинага 10 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Украин-өзбек эл аралык достук коомунун төрагасы Любомир Башинский билдиргендей, аны Өзбекстандагы бейөкмөт уюмдар жана бизнес өкүлдөрү чогулткан. Муну Украинанын Ташкенттеги элчиси Николай Дорошенко да тастыктады.

Маалыматка ылайык, гумжардамдын курамында кийимдер, медициналык каражаттар бар. Ал Львов облусунун Дрогобыч райондук администрациясына, социалдык саясат башкармалыгына жана Львов облустук медициналык колдоо кеңешине өткөрүлүп берилген.

Өзбекстандан 2022-жылдын апрель жана июнь айларында да Украинага гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

Буга чейин Украинадан Өзбекстанга 45 бала реабилитациялоо үчүн келгени маалымдалган. Аны Ташкенттеги элчилик демилгелеп, өзбекстандык бизнес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү колдогон.

XS
SM
MD
LG