Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Өзбек жараны Түштүк Кореяда терроризмди каржылоого шек саналууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Түштүк Кореяда терроризмди каржылоого шек саналып өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, ал Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам рейд учурунда колго түшкөнүн маалымдады.

Шектүү Фергана облусунун 29 жаштагы тургуну. Ал Түштүк Кореяга барып, ал жактан Өзбекстанда тыюу салынган “Имам аль-Бухаринин катчысы” террордук уюмунун лидерлери менен байланыш түзгөнү, аталган уюмдун мыйзамсыз ишмердүүлүгүн каржылаганы аныкталганы айтылат.

Аталган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин “Терроризмди каржылоо” жана “Диний-экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталдык жана башка тыюу салынган уюмдарды түзүү, аларга жетекчилик кылуу, катышуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG