Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Сүлүктүдө өрттөн жараксыз болгон жети үй кайра курулат


Сүлүктү шаарындагы күйүп кеткен үйлөр. Социалдык тармакка тараган сүрөт
Сүлүктү шаарындагы күйүп кеткен үйлөр. Социалдык тармакка тараган сүрөт

Сүлүктүдө өрттөнүп кеткен жети үй кайра калыбына келтирилет.

Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров 21-августта "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, үйлөр шаарды өнүктүрүү фондунун жана элдин эсебинен кайра курулат.

"Жашоочулар менен жолугушуп, абалдарын сурап турабыз, аларга убактылуу чатырларды сунуштадык. Зарылдыгы жок дешти. Шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк маянасын жардам иретинде котормой болушту", - деди Абдыжапаров.

Үй-жайы күйүп кеткен жашоочулар азыр туугандарынын үйлөрүндө, айрымдары убактылуу батирлерде жашап жатышат.

Сүлүктүдөгү “барак” тибиндеги жети там 18-августта өрттөнүп кеткен. Өрткө электр зымы себеп болду деген божомол айтылган.

Өткөн жыл ичинде өлкөдө 3194 өрт кырсыгы катталып, анда 30 адамдын өмүрү кыйылган. Анда материалдык чыгым үч миллиард сомдон ашкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG