Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Кыргыз-кытай бизнес форуму: 1 миллиард долларлык келишим түзүлдү


Акылбек Жапаров Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда. 19-август, 2023-жыл
Акылбек Жапаров Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда. 19-август, 2023-жыл

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өтүп жаткан кыргыз-кытай бизнес форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашкан 29 келишимге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-августта кабарлады. Бизнес форумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, эки тараптуу кызматташтык, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, көзөмөл-өткөрмө пункттарын модернизациялоо, энергетика жана жол куруу тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу багытында сүйлөшүү жүргүздү.

Жапаров сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында август айынан тартып Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө бекеттери жети күн бою 12 сааттан иштөө режимине өткөнүн кошумчалады.
Ал эки өлкө ортосунда Бедел ашуусу аркылуу "Барскоон – Үчтурпан – Аксуу" автожолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча документке кол коюлганын айтты.

Буга чейин Энергетика министрлиги Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы сапар учурунда TBEA компаниясы менен Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер каскадын жана "Кемин-Торугарт" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу жөнүндө меморандумга кол коюлганын билдирген.

Акылбек Жапаров Шинжаңга жумушчу сапар менен 16-августта барган. Өкмөттүн басма сөз кызматы ал Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери менен жолуп, Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагына барып, кытайлык ишкерлер менен кездешерин маалымдаган.

Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилеси 1992-жылы негизделген. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара 858 чакырымды түзөт, ал такталып бүткөн. Кыргызстандын соңку эсептеги 5 миллиард долларга чукул тышкы карызынын орчундуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG