Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:45

Будапештте Кыргызстан-Венгрия кызматташтыгы талкууланат


Будапешт.
Будапешт.

Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтык маселеси жогорку деңгээлде талкууланганы жатканын бүгүн 18-августта президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 20-августта мамлекет башчысы Садыр Жапаров иш сапар менен Венгрияга барат.

Борбор шаар Будапештке ал премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн жөнөп баратканын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жапаров Орбан менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулай турганы маалымдалды.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат.

Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандан жөө күлүк спортчулар Тимур Исаков жана Гүлшанай Сатарова катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG