Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:41

ӨКМ: Жыл башынан бери 95 киши сууга чөгүп каза болду, көбү эркектер жана балдар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сууга чөгүп каза тапкандар быйыл былтыркыга салыштырганда көп болуп жатканын бүгүн, 17-августта “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 95 өлүм катталды, былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 72 болгон.

95 кишинин 76сы - жайкы сезон башталгандан тартып каза болгондор.

Көз жумгандардын көбү эркектер (95тин 47си) жана 12 жашка чейинки курактагы балдар (95тин 36сы).

Былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон. 2021-жылы 128, ал эми 2020-жылы 82 өлүм катталган.

Адистер мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этияттоо зарыл экенин белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG