Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Пакистанда христиандарга кол салган жүздөн ашуун жаран кармалды


Жаранвала шаарындагы өрттөлгөн христиандардын чиркөөсү. 16-август, 2023-жыл.
Жаранвала шаарындагы өрттөлгөн христиандардын чиркөөсү. 16-август, 2023-жыл.

Пакистандын чыгышында полиция 17-августка караган түнү 100дөн ашуун адамды кармады. Шаршембиде Фейсалабад аймагындагы Жаранвала шаарында жаалданган мусулмандардын тобу христиан азчылыгынын үйлөрүн өрттөп, чиркөөлөрдү талкалап жиберишкен.

Буга жергиликтүү тургундардын айтымында, христиан динин тутунган Ража Амир атуу жаран досу экөө Куранды тытып салганы түрткү болгон.

Жаалданган топ ошондой эле шаардык администрацияга кирип барышкан. Аларды полиция абага ок атуу жана таяктарды колдонуу менен таркатууга аргасыз болду. Ошондой эле башаламандыктын катышуучуларын таркатуу үчүн аалымдар жана диниятчылар тартылды.

Жергиликтүү христиандардын арасында курман болгондор жок. Анткени алар шашылыш түрдө коопсуз жакка чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Тополоңго байланыштуу жергиликтүү бийлик мектептерди жана өкмөттүк кеңселерди убактылуу жаап, митингдерди өткөрүүгө бир аптага тыюу салды.

Пакистандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Анваарул-уль-Хак Какар тартип коргоочуларды тополоңду уюштургандарды жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Кошмо Штаттардын Мамдепартаменти Пакистан бийлигин өлкө чыгышындагы христиан коомчулугуна жасалып жаткан чабуулдарды жайгарууга үндөдү.

Ал Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму расмий Исламабадды "Кудайга жана ислам динине акаарат келтирүү жөнүндө" мыйзамды жокко чыгарууга чакырды.

Бул мыйзамга ылайык, кудайга, исламга же дин аалымдарына шек келтиргендер өлүм жазасына тартылат.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар бийлик бул мыйзамды диний азчылыктарды коркутуу жана жеке өч алуу үчүн колдонуп келгенин белгилешет.

Пакистандын 200 миллионго чукул калкынын 1,6% тарса-христиандар түзөт.

XS
SM
MD
LG