Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Бизнес академиясынын лицензиясы жокко чыгып, имараттары алынды


Башкы прокуратура Бишкектеги Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын лицензиясы токтотулганын 16-августта билдирди. Буга окуу жайдын негиздөөчүлөрү жасалма документтин негизинде бир катар имараттарды жана жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алганы себеп экени айтылган.

“2003-жылы аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар документтерди жасалмалашып, Бишкек шаарындагы Белорус көчөсүнүн 6 жана 6а даректериндеги үч кабаттуу окуу корпусун, беш кабаттуу жатаканасын жана 1,7 гектар жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Ошол убакыттан бери 200 млн сомдон ашуун ижара акысын мамлекетке төлөбөй, мыйзамсыз жогорку окуу жайы катары пайдаланып келишкен”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, прокурордук актыларынын негизинде документтер жокко чыгарылып, 445 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги академия “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамын бузганы үчүн анын лицензиясын жокко чыгарган. Окуу жайдын студенттерин башка окуу жайларга которуу маселеси каралып жатканы кабарланды.

Окуу жайдын жетекчилиги бул тууралуу комментарий бере элек.

Академия 2000-жылы Кыргыз кооперация академиясынын базасында түзүлгөн. Окуу жай орто кесиптик билим берүү, бакалавр жана магистрдик даражалары боюнча билим берет. Бул жерде 3 миң студент билим алаары, арасында чет өлкөлүктөр да бар экени окуу жайдын сайтында жазылган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы жана быйыл жарым жылда мыйзамсыз берилип кеткен 16,9 миллиард сомдук мүлк кайтарылган.

XS
SM
MD
LG