Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

АКШ Москва менен Пхеньяндын кызматташуусу БУУнун резолюциясын бузарын эскертти


Мамдепартаменттин маалымат катчысы Ведант Патель. 6-сентябрь, 2022-жыл.
Мамдепартаменттин маалымат катчысы Ведант Патель. 6-сентябрь, 2022-жыл.

Вашингтон 15-августта билдиргендей, эгер Орусия Түндүк Корея менен курал-жарак жаатында келишим түзсө, БУУнун резолюцияларын бузган болот.

"Түндүк Корея менен Орусиянын ортосундагы коопсуздук жаатындагы кандай гана болбосун кызматташуусу же курал-жарак боюнча макулдашуусу Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар резолюцияларына каршы келет", - деди журналисттерге Мамдепартаменттин өкүлү Ведант Патель.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган Москва менен Пхеньян Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланыштарын бекемдөө аракетин көрүп келет.

15-августта жасаган билдирүүлөрүндө эки өлкөнүн лидерлери аскердик тармакта тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин баса белгилешти.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "эки өлкөнүн ортосунда коргонуу жана коопсуздук жаатында тактикалык жана стратегиялык кызматташууну мындан ары улантуу зарыл экенин" билдирген.

Ошол эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Ким Чен Ынды Улуттук боштондук күнү менен куттуктап жатып байланыштарды тереңдетүүгө чакырды.

Өткөн айда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Пхеньянда болгон. Ал Түндүк Кореянын армиясын "дүйнөдөгү эң күчтүү куралдуу күчтөр" деп атаган.

Март айында Ак үй чалгын маалыматтарына таянып билдиргендей, Москва Пхеньянга азык-түлүк жеткирип, анын ордуна курал-жабдык алууну көздөөдө.

Түндүк Корея - Орусия жана Сирия менен катар былтыр күздө Украинанын төрт облусунун аннексиясын тааныган өлкө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG