Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Махачкала: май куйган жайдагы жарылууда 27 адам мерт болду


Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон.
Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон.

Дагстандын борбору Махачкала шаарындагы май куюучу жайдагы жарылууда бери дегенде 27 адам мерт болду, алардын үчөө балдар. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги аймактагы Медицина борборуна шилтеме кылып жазды.

Дагстандын башчысы Сергей Меликов жараат алгандардын саны 100дөн ашканын билдирди. Аймакта аза күтүү күнү жарыяланды.

Адам өлүмү менен аяктаган кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголду. Меликов мерт болгондордун үй-бүлөсүнө бир миллион рублдан кенемте төлөп берилерин билдирди.

Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Башында автосервистин имараты өрттөнүп, өрт андан кийин май куюучу жайга жайылган. Өрттү өчүрүүгө төрт саат убакыт кеткен.

Автосервис менен май куюучу жай "Глобус" соода борборунун жанында жайгашкан. Андагы өрт жакынкы үйлөргө да жайылып, тургундар шашылыш түрдө эвакуацияланган.

Кырсыктын келип чыккан себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

XS
SM
MD
LG