Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

"Кыргызфармация": онкологиялык ооруларга 227 млн сомдук дары алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы ушул айда Европадан онкологиялык ооруларды дарылоого керектүү 227 миллион сомдук дары-дармек сатып алганын билдирди. Ошондой эле европалык өндүрүшчүлөрдөн майыптуулуктун жана анын оор кесепетин алдын алууга, тукум кууган оорулардан балдар өлүмүн азайтууга зарыл болгон препараттар келе баштаганын маалымдады.

Өткөн айда аталган министрлик "Кыргызфармацияга" дары-дармек сатып алуу үчүн 1 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирген. Андан бир ай мурда президент Садыр Жапаров бул ишканага бөлүнгөн каражат убагында берилбей жатканын сынга алган. Мындан улам "Кыргызфармация" толук иштей албай жатканын, заводдор менен жаңы келишимдерди түзүү шарты болбогонун билдирген.

“Эгер казынада акча жок болсо, мен дагы түшүнүү менен мамиле кылмакмын, бирок бош акча каражаттары бар да, биз аны алгач ушул мамлекеттик ишканага бөлүп берүүнү пландаганбыз. Эмне үчүн сиздер тоскоолдук кылып, алардын нормалдуу иш башташына жол бербей жатасыздар? Алар жети гана дары чыгаруучу завод менен келишим түзүшүп, муктаждыкты 10% гана жапты, бирок тапшырма 100% деп берилген. Бирок ошондо да үнөмдөө 115 миллион сомду түзөт. Мамлекеттик ишканага шашылыш түрдө 1 миллиард сом бөлүп берүү үчүн силерге бир жумалык мөөнөт берилет”, - деген эле Жапаров.

Бул ишкана ушул жылдын май айында түзүлгөн жана өкмөттөн ага 30 миллион сомдук насыя берилген.

Компания мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары-дармек жана медициналык буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат деп айтылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG