Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Мектептерге электрондук каттоо: ата-энелердин арызын комиссия карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги райондук билим берүү борборлорунда балдарын 1-класска берүү үчүн электрондук каттоодон өтүүдө кыйналган ата-энелердин арызын атайын комиссия карайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

"Комиссиялардын курамында билим берүү борборунун, акимчиликтердин, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык сектордун, балдардын укуктарын коргоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү бар. Мэриянын департаментке жана райондук билим берүү борборлоруна балдарын 1-класска берүү үчүн электрондук каттоого турууга байланыштуу ата-энелерден миңден ашык кайрылуу түшкөн. Негизинен төмөнкү мектептерге көп суроо талап бар: Свердлов районунда №1, №38,№ 4, №12,№ 66, №67, №46, №45, №52,№ 10, №65, №51 мектеп, Биринчи май районунда №70, №29, №6, №28, №69, №2 мектеп, Октябрь районунда №26,№ 62, №88, №63, №20, №17 мектеп, Ленин районунда №13,№ 9, №25, №68, №31 мектеп", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда мектептерге 1-класска балдарды кабыл алууга электрондук каттоо апрель айында башталган жана буга чейинкидей эле эки баскыч менен өтөрү айтылган.

Ага ылайык, биринчи айлампа 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлгөн жана анда балдар катталган жериндеги мектепке гана кезекке турган.

Экинчи айлампа 26-июнда башталып, 31-августта аяктайт. Бул баскычта ата-энелер кайсыл аймакта катталганына карабай, балдарын бош оруну бар мектепке киргизе алат.

Былтыр электрондук каттоо башталганда аталган порталдын иши бир канча жолу үзгүлтүккө учураган жана буга байланыштуу айрыкча Бишкекте ата-энелердин нааразылыгы жаралган.

2022-2023-окуу жылында Кыргызстанда 160 миңден ашуун окуучу 1-класска барган.

XS
SM
MD
LG