Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Бишкекте курулуш материалдары сатылган үч дүкөн өрттөнүп кетти


Өзгөчө кырдаалдар кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Бишкекте Орозбеков көчөсүндөгү "Эски толчок" базарында курулуш материалдары сатылган үч дүкөн, пластик терезелерин чыгарган эки цех жана кийим-кече сатылган бир контейнер өрттөнүп кетти. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өрт тууралуу 14-августка караган түнү маалымат түшкөн.

Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи тобу түнкү саат 12.30дарда барган. Өрт өчүрүүгө жалпысынан беш топ тартылып, 1,5 сааттан кийин чектөөгө алынган. Учурда (саат 11.47де) өрттү толук өчүрүү иштери уланып жатат.

Былтыр өлкөдө 3194 өрт кырсыгы катталып, анда 30 адамдын өмүрү кыйылган. Анда материалдык чыгым үч миллиард сомдон ашкан.

XS
SM
MD
LG