Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Кемпир-Абад иши: айыпталуучулардын бөгөт чарасы каралат


Иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. 14-август, 2023-жыл.
Иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. 14-август, 2023-жыл.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 14-августта Кемпир-Абад окуясына байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасы каралат. Буга чейин адвокат Эркин Булекбаев үй камагына чыгарылгандардын мөөнөтү 15-августта аяктаарын билдирген.

Ушул тушта сотто айыпталгандардын бири Азимбек Бекназаровдун ооруп калганына байланыштуу процессти анын катышуусуз өткөрүп-өткөрбөө жөнүндө талаш-талкуу болуп жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

XS
SM
MD
LG