Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Көк бөрү: Чолпон-Атада Дүйнө кубогу үчүн беттеш башталды


Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогу башталды.
Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогу башталды.

13-августта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогу башталды. Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышууда.

20-августка чейин улана турган оюндар үч форматта өтөт. Биринчи форматта “Достук” кубогу үчүн А тайпасында Кыргызстандын “Ынтымак”, “Сары-Өзөн”, “Мурас”, “Достук” командалары, В тайпасында Казакстандын “Түркстан”, “Шымкент”, “Астана” жана “Жетису” командалары ойнойт.

Экинчи форматтагы клубдар лигасында алты мамлекеттен 12 команда төрт тайпада ат салышат.
А тайпасына “Екатеринбург”, “Алтай”, “Караганда”, В тайпасына “Жаштык”, “Алтын-Альянс”, “Ийгилик”, С тайпасына “Москва”, “Красноярск”, “Новосибирск”, D тайпасына Өзбекстан, Ооганстан жана АКШ командалары бөлүндү. Тайпалык оюндар 13-августтан 17-августка чейин өтөт.

Мелдештин ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү, тогуз мамлекеттин улуттук федерацияларынын мүчөлөрү катышты.

Жарым финалдык оюндар 17-18-августка белгиленди.

18-августта “Достук” кубогу үчүн ойногон командалардын жарым финалдык эки беттеши болот.

Финалдык оюндар 20-августта өтөт. Бул күнү жогоруда аталган командалардан сырткары 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары беттешет.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстандын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат.

Мелдеш мамлекеттер арасында достукту бекемдөө, көк бөрү оюнун жайылтуу максатында уюштурулган. Дүйнө кубогун эки жылда бир өткөрүү пландалууда.(GT)

XS
SM
MD
LG