Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Бишкекке Кытайдан 50 автобус алып келинди


Жаңы автобустар. Бишкек. 13-август, 2023-жыл.
Жаңы автобустар. Бишкек. 13-август, 2023-жыл.

Газ менен жүрүүчү, жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттары бар 25 автобус 13-августта Бишкек шаарына алып келинди. Шаардык мэриянын маалымат катчысы Назгүл Жамгырчиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бүгүн кечке чейин дагы 25 автобус келет.

"Президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарында жетишилген макулдашуулардын негизинде Кыргызстанга 1000 автобус алып келинет. Бүгүн биринчи партиянын алгачкы 25 автобусу келди, кечке чейин дагы 25и келет".

Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин 500 автобус, калганы келерки жылы алып келинет.

20-майда президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында Zhongtong bus holding Co., Lt. заводуна барган.

Аталган заводдон буга чейин Бишкекке газ менен жүрүүчү 120 автобус алып келинип, шаарга каттамга чыгарылган.

Кыргызстанда коомдук транспорт маселеси өлкө эгемендик алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясы көйгөйдү шаарда автобустардын санын көбөйтүү менен чечүү аракети жүрүп жатканын билдирген.

Борбор калаа жетекчилигинин автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG