Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

Ошто бассейнде эс алуучуну бычактоого шек саналган киши кармалды


Ош шаардык милициясы шаардагы бассейндердин биринде эс алып жүргөн 22 жаштагы жаранга бычак сайып, качып кеткен шектүү киши кармалганын билдирди. Милиция ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон жаран экенин айтууда.

Ош шаардык ИИБнын маалыматына караганда, ушул жылдын 22-июлунда, болжол менен саат 21.30 чамасында шаардагы бассейндердин биринде эс алып жүргөн 21 жаштагы жаран денесинен жарат алып ооруканага түшкөн. Ал көрсөтмөсүндө бассейнде эс алып жүрүп, белгисиз бирөө менен уруша кеткенин, ошондо бычак менен бел тушуна сайып, качып кеткенин айткан.

"Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен Кара-Суу районунда 1995-жылы туулган Н. М. кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон жаран экендиги жана кылмыш чөйрөсүндө "коён" деген каймана ат менен белгилүү экендиги аныкталды", - деп кабарлады Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы.

Быйыл 13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жараткан эле. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болгон. Кармалган шектүү ошол арматура менен сабалган жигит экени айтылып жатат.
ИИМдин маалыматына ылайык, азыркы кезде 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17инин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон. (DSh)

XS
SM
MD
LG