Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:48

Мауи аралындагы өрттүн курмандыктары 55 кишиге жетти


Лахайна өрттөн кийин. 10-август, 2023-жыл.
Лахайна өрттөн кийин. 10-август, 2023-жыл.

Гавайинин Мауи аралындагы өрттө каза болгондордун саны 55ке жетти. Бийлик өрт башталганда эскертүү катары айгай салынбаганын мойнуна алды деп Associated Press жазды.

Аралда сиренанын ордуна СМС билдирүү аркылуу, телеканалдардан, радиодон шашылыш билдирүү жөнөтүлгөнүн басылмага Гавайинин өзгөчө кырдаал башкармалыгынын өкүлү Адам Вайнтрауб айткан.

Бирок өрт каптаган аймактарда байланыш жана электр энергиясы үзгүлтүккө учурай баштаган чакта билдирүүлөр дарегине жетип-жетпегени белгисиз деп жазды Associated Press. Агенттиктин бир катар маектештери өрт чыкканын жалынды жана жарылуунун добушун уккандан кийин гана билишкенин айтышкан.

Алгач бадалдарда жабышып, бороон-чапкындан улам тездик менен күчөгөн өрт Гавайи падышачылыгынын мурдагы борбору, азыр жыл сайын эки миллионго жакын турист эс алган белгилүү курорт - Лахайна шаарын толугу менен жок кылды.

“Лахайнага бомба түшкөндөй”, - деп жазды Гавайинин губернатору Жош Грин. Анын айтымында, өрт дээрлик 1700 имаратты жок кылды, миңдеген тургундар үй-жайсыз калды. 2020-жылдагы каттоо боюнча бул шаарда 12,7 миң киши жашайт.

Экологдор өрттүн айынан жер кыртышы бузулуп, суу булганып, аралдар, деңиз флора жана фаунасы үчүн маанилүү болгон маржандар кырылат деп кооптонуп жатышат.

2023-жылы аба ырайынын кескин ысышынан улам Грекияда, Испанияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө ири токойлор өрттөндү. Канадада да ушундай өрттүн айынан миңдеген жергиликтүү тургундар эвакуацияланды, өрттөн чыккан түтүн жада калса америкалык шаарларды да каптады. Орусияда учурда дээрлик 450 миң гектар чытырман токой өрттөнүп жатат.

БУУнун метеорологдору рекорддук ысыкты климаттын антропогендик өзгөрүшү жана Эль-Ниньонун башталышы – Тынч океандын экватордук сууларынын температурасынын жогорулашы менен байланыштырууда. Температуранын жогорулашы адамдардын, жаныбарлардын өлүмүнө жана жашоонун оорлошуна, өсүмдүктөрдүн куурашына, үйлөрдүн, инфратүзүмдүн жана архитектуралык эстеликтердин бузулушуна алып келет, кургакчылыктын жана токой өртүнүн жайылышына шарт түзөт.

XS
SM
MD
LG