Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Microsoft орусиялык компаниялардын лицензиясын узартпайт


Америкалык Microsoft компаниясы 30-сентябрдан кийин орусиялык ишканалардын лицензияларын узартканды токтотот. Бул тууралуу TelecomDaily агенттиги Microsoft Online Services кардарларынын бирине жазган катына таянып билдирди.

Билдирүүдө Microsoft Орусиядагы кызматтар үчүн жергиликтүү банк эсебине төлөмдөрдү кабыл албай турганы жазылган. Активдүү кызматташуу келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн аягына чейин жарайт. Андан кийин узартууга болбойт. Microsoft өкүлдөрү Forbes менен баарлашууда мындай чечим Евробиримдик, АКШ жана Улуу Британиянын санкцияларына ылайык кабыл алынганын билдирди.

Орусия Украинага басып киргенден кийин, өткөн жылдын март айынан Microsoft кызмат көрсөтүүлөрүн токтоткон. Ошол эле маалда 2023-жылдын жазында санкцияларга кабылбаган эл аралык компаниялардын орусиялык өкүлчүлүктөрү корпорациядан программалык камсыздоо лицензияларын узартуу сунуштарын ала баштаган. Эксперттердин айтымында, Microsoft рынокто өзүнүн катышуусун сактап калууга ушундай жол менен аракет кылган.

Forbes басылмасына маек курган булактар Орусияда корпоративдик кардарлардын 90 пайызына чейин америкалык иштеп чыгуучунун өнүмдөрүн колдонууну улантып жатканын белгилешет. Адистердин айтымында, жаңыланууларды ала албай калуу корпоративдик тармактардын коопсуздугун төмөндөтүп, хакерлердин ишин жеңилдетет.

"Орус иштеп чыгуучулардын софт-программасына "кемчиликсиз" өтүү мүмкүн эмес. Колдонуучулар жаңы интерфейстерге же системага көнүшүп, бизнес-процесстерди калыбына келтириши керек, ал эми IT адистери орус чечимдеринен жаңы параллел инфрастүзүмдү кураштыруусу керек", - деп белгилейт Forbes.

Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февраль айынан бери миңден ашуун уюмдар орус базарындагы ишмердигин токтотуп, жүздөгөн компаниялар өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG