Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Келерки аптада аба ырайы кескин өзгөрөт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

12-13-14-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн.

"Кыргызгидромет" ушул аймактарды абанын температурасы кескин төмөндөй турганын эскертүүдө. 2023-жылдын 12-14-августунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

12-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал -Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 26…28 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 24…26 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG