Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин 65 бала каза болгон


Самарканд шаарында сатылган «Док-1 Макс» дарысы
Самарканд шаарында сатылган «Док-1 Макс» дарысы

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган “Док-1 Макс” сиробун ичкенден кийин 65 бала чарчап калган. Мындай маалымат балдардын өлүмү боюнча кылмыш ишинин корутундусунда айтылганын Өзбекстандын Жогорку Сотунун басма сөз кызматына таянып “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

Январь айынын башында өлкө бийлиги каза болгон балдардын саны 20га жеткенин билдирген. Ошондон кийин балдардын өлүмү боюнча маалыматтар айтылган эмес.

Gazeta.uz гезити жазгандай, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы декабрдын соңунда “Док-1 Максты” ичкенден кийин балдардын каза болушу боюнча кылмыш иши козголгонун жана дарыны импорттогон Quramax Medical компаниясынын, Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жогорку кызмат адамдары кармалганын билдирген.

Ошондо Өзбекстандын Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүу агенттиги Marion Biotech чыгарган дарыларды, анын ичинен “Цинепар кид”, “Травамакс” жана “Амбронолду” өлкө аймагында сатууга тыюу салган.

Мекеме билдиргендей, “Док-1 Макс” Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча улуттук борбордун лабораториясынан текшерүүдөн өтүп, керектүү сертификатка ээ болгон. Бирок буга чейин кабарлангандай, текшерүү учурунда укуктук-ченемдик талаптар одоно бузулуп, анын кесепетинен сапатсыз дарылар сатыкка чыгып кеткен.

Агенттик жыл башында Marion Biotech компаниясынын келген дарыларынын курамындагы этиленгликол медициналык регламентте каралган ченемден 300 эсе көп экенин билдирген. Анын ордуна дарынын курамында пропиленгликоль (бактерициддик таасири бар тамак-аш кошумчасы) болушу керектиги айтылган.

Февраль айында Фармагенттиктин жана Дары-дармектерди стандартташтыруу, экспертиза борборунун мурдагы башчысы Сардор Кариев кармалганы кабарланган. Укук коргоо органдары бул иштин жагдайы тууралуу кийин маалымат беришкен эмес.

Былтыр жыл соңунда Өзбекстанда "Док-1 Макс" сиробун ичкенден кийин 20 бала чарчап калганы ачыкка чыккан. Бул окуядан Кыргызстандын дарыканаларында да бул дарыны сатууга убактылуу тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG