Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

Жети-Өгүздө Үркүн курмандыктарын эскерген жөө жүрүш башталды


Жети-Өгүз районунда башталган жөө-жүрүш.
Жети-Өгүз районунда башталган жөө-жүрүш.

Бүгүн, 11-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Улуу Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш башталды. Аны “Тосор коому” “Эсимде” изилдөө аянтчасы менен биргеликте уюштурган. Үчүнчү ирет өтүп жаткан жүрүштүн (трекинг) катышуучулары бул жолу эки топко бөлүнүп алып Тосор, Токсо-Булак, Дуулат-Булак, Кайыңды, Алтын-Күңгөй, Ашуу-Төр жерлеринде болуп, Үркүндүн курмандыктарын эскеришет. Саамалыкка “Тосор коомунун” өкүлдөрү, “Эсимде” изилдөө аянтчасынын жамааты, активисттер жана Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев катышууда.

Эскерүү иш-аралары 13-августка чейин уланат.

Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыктарын эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда жаңыртуу.

Уюштуруучулар 1916-жылкы эгемендик үчүн болгон улуу көтөрүлүштү эскерүү “Толук эгемен келечек үчүн, аталарыбыздын эгемендик күрөшүнө таазим кылуу үчүн, көмүскө калган тарых барактарын урпактардын эс-тутумунда бекиши үчүн, манкурттуктан кутулуу үчүн” өткөрүлүп жатканын белгилешет.

Былтыр өткөн жөө жүрүшкө жарандык активисттер, окумуштуулар, медиа өкүлдөр жана жергиликтүү тарыхчылар катышкан.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган. Ошол каргашалуу окуядан улам кеминде 120 миң кыргыз кырылганын, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр набыт болгонун белгилешет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы "Азаттык" радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган "Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын" деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (MZh)

XS
SM
MD
LG