Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Чолпон-Атада самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт.

Кубок 22-23-августта өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчу катышат.

Мелдештин алкагында төмөнкү салмак категориялар боюнча беттештер өтөт:
Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстан биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионатын өткөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG