Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

Гавайинин аралдарын каптаган өрттөн кеминде 36 киши каза болду


Мауи аралындагы Лахайна шаарын каптаган өрт. 8-август, 2023-жыл. Гавайи.
Мауи аралындагы Лахайна шаарын каптаган өрт. 8-август, 2023-жыл. Гавайи.

Гавайинин Мауи аралында өтө тездик менен жайылып жаткан өрт бери дегенде 36 кишинин өмүрүн алганын расмий бийлик 10-августта билдирди.

Токойлорду каптаган өрт катуу шамалдан улам калктуу конуштарга жайылып, жүздөгөн имараттарды күлгө айлантты.

Аралдагы миңдеген адамдар турак жайын таштап качууга аргасыз болуп, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда тургундарды куткарып, издөө иштери жүрүп жатат. Көп адамдар дайынсыз.

Гавайинин вице-губернатору Сильвия Люк бийлик болгон аракетин көрүп жатканын билдирди:

"Жарандарыбыздын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыздоо үчүн баарыбыз тыгыз иштешип жатабыз. Мауи аралына туристтерди барбоого чакырган билдирүүгө бүгүн кол койдук. Мауинин айрым аймактарында абал азыр коопсуз эмес. Колубуздан келген аракетти көрүп жатабыз. Өкмөт Мауиге жана Чоң аралга колдоо көрсөтүүгө даяр", - деди ал.

Баарынан да туристтер арасында өтө популярдуу Лахайна шаары жабыркады. Социалдык тармактарга жайылган видеолордон алоологон өрт турак жайларды каптап жатканын, жашоочулар аман калуу үчүн океанга секиргенин көрүүгө болот.

Учурда тилсиз жоо менен күрөшкө жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр, тик учактар тартылды.

Ушул тапта Португалия, Испания, Италияда дагы токойлорду өрт каптап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG