Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Талантбек Өмүралиев "Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын" башчылыгына расмий түрдө бекиди


Талант Өмүралиев.
Талант Өмүралиев.

Улуттук банк “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Талантбек Өмүралиевди дайындоого макулдук берди.

Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында жазылат.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп кыргыз жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган эле.

“ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиев менен байланыштарын иликтеп чыккандан кийин маселе парламентте да көтөрүлгөн. Евгения Судец 14-апрелде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна Улан Сарбанов келген.

Улан Сарбанов май айында иштен кетип, “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына ээлик кылган Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги анын ордуна Талант Өмүралиевди дайындаган.

Мыйзамга ылайык, финансылык мекемелердин жетекчилерин дайындоо Улуттук банктын макулдугу менен аткарылат. Башкы каржы көзөмөл мекемеси макулдук бергенден кийин гана жетекчи расмий түрдө бекиген болуп саналат.

Талант Өмүралиев 20 жылдай банк системасында иштесе, анын 14 жылында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Бул убакытта Банктар аралык процессинг борборунун директорлор кеңешин жетектеп, "Кыргызстан" банкында жана "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкында" (KICB) башкармалыктын мүчөсү, министрликтерде, Улуттук банкта ар кайсы кызматтарда иштеп келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG