Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Ысык-Көл: мындан ары бардык жарандар пляждарга эркин кире алат


Ысык-Көл, илююстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл, илююстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 8-августта “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизди.

Анын басма сөз кызматы жаңы жарлык көлдөгү кум жээктерге бардык жарандардын ээн-эркин киришин камсыздоо үчүн чыгарылганын билдирди.

"Өзгөртүүлөр бардык жарандардын Ысык-Көлдөгү пляждык аймактарга эркин киришин шарттайт. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет", - деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын май айында Садыр Жапаров 1-июлдан тартып негизинен Ысык-Көлдүн тургундарынын пляждарга ээн-эркин кирип чыгышы каралган жарлык чыгарган. Анда көл жээгиндеги тосмолордун баарын алуу каралган.

Жарлыктын негизинде менчик түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биоажатканалар менен жабдууга милдеттендирилген.

Быйылкы жайкы сезондо айрым пансионаттар Кыргызстандын башка аймактарынан келген эс алуучуларды пляждарга киргизбей, анын айынан чуу чыккан учурлар катталып жаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG