Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Майыптыгы бар аялга орой мамиле кылган айдоочуга чара көрүлөт


Бишкекке жаңы алып келинген автобустагы майыптыгы бар адамдардын кирүүсү үчүн жасалган пандус. Январь, 2022-жыл.
Бишкекке жаңы алып келинген автобустагы майыптыгы бар адамдардын кирүүсү үчүн жасалган пандус. Январь, 2022-жыл.

Бишкектеги 11-каттамдагы троллейбустун айдоочусу арабада бараткан майыптыгы бар аялга - "Равенство" коомдук уюмунун жетекчиси Гүлмира Казакуновага автоунаага кирүүсү үчүн пандусту ачып берүүдөн баш тарткан.

Бул тууралуу Гүлмира Казакунова Фейсбуктагы баракчасына жазып, айдоочу орой мамиле кылып, кагып-силккенин билдирди.

"Түшүп баратканымда пандусту ачты, бирок мени троллейбустан арабам менен кошо түртүп түшүрүп салды. Аз келгенсип, "пандусту ачыш эле оңой дейсиңби, сени жүргүнчүлөр көтөрсүн, үйдө отурбайсыңбы" деген сөздөр менен орой мамиле кылды", - деп жазды Казакунова.


Бул окуяга байланыштуу Бишкектеги Троллейбус башкармалыгы айдоочуга чара көрө турганын шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, айдоочу каттамдан алынды жана анын аракетине атайын комиссия баа бермекчи. "Троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги Гүлмира Казакунова менен байланышып, кечирим сурады", - деп жазылган маалыматта.

Майыптыгы бар адамдарды муниципалдык коомдук транспорттордун айдоочулары автоунаага түшүрбөй, аларга шарт түзбөй койгон учурлар буга чейин да катталган. Быйыл февралда айдоочу майыптыгы бар адамга араба менен троллейбуска кирүүчү пандусту ачуудан "иштебейт" деген себеп менен баш тарткан.

Былтыр 4-каттамдагы троллейбустун айдоочусу да майыптыгы бар адамга пандусту ачуудан баш тартканы катталган. Көп өтпөй айдоочу түшүнүк кат жазганы маалым болгон.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдардын укугуна байланыштуу конвенциясын 2019-жылы март айында ратификация кылган. Ага ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомдо инклюзиялык (кошуп алуучу) шарттарды түзүү керек. Эксперттер Кыргызстан бул шарттарды аткара албай жатканын айтып келет.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар жарандар 204 миңден ашат, алардын ичинен 35 миңдейи - жаш балдар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG