Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Сардиния аралын каптаган өрттөн төрт киши жабыркады


Сардиниянын токойлорун каптаган өрт. 12-август, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Сардиниянын токойлорун каптаган өрт. 12-август, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Италияга караштуу Сардиния аралын каптаган өрттөн төрт киши жабыркады. Бул тууралуу ANSA агенттиги жазды. Жекшембиде аралдын түндүк-чыгышындагы токойлордо башталган өрттөн улам Посада жана Синискола аймактарынан 600дөй жергиликтүү тургун жана турист коопсуз жакка көчүрүлдү.

Жабыркагандардын бири өрт өчүрүүчү экени маалым болду.

Бийликтин алдын ала маалыматы боюнча өрттү атайылап бирөө койгон болушу мүмкүн. Бул тууралуу Сардиниянын губернатору Кристиан Солинас билдирди. Ал күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартууну убада кылды.

Июль айынын соңунда Италиянын түштүгүндө токойлорду каптаган өрт төрт кишинин өмүрүн алган.

Климатолог окумуштуулар табигый кырсыктардын көбөйүшүн климаттын өзгөрүүсүнө байланыштырып жатышат.

Сардинияда жүздөгөн кыргызстандык жарандар эмгектенет.

XS
SM
MD
LG