Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Орус армиясынын Херсонду аткылоосунан бир аял мерт кетти


Өрт өчүрүүчүлөр орус армиясынын аткылоосунан кийин тутанган тилсиз жоо менен күрөшүп жатышат. 5-август, 2023-жыл. Донецк. Иллюстрациялык сүрөт.
Өрт өчүрүүчүлөр орус армиясынын аткылоосунан кийин тутанган тилсиз жоо менен күрөшүп жатышат. 5-август, 2023-жыл. Донецк. Иллюстрациялык сүрөт.

Орус армиясы 7-августка караган түнү Украинанын Херсон шаарын аткылап, Днепропетровск облусунун Синельниковский районуна ракета менен сокку урду.

Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин маалымдагандай, түнкү 00:50 чамасында орус аскерлери карапайым тургундардын үйүн аткылаган. 59 жаштагы аялдын өмүрү кыйылды, дагы бир улгайган адам жаракат алды.

Украинанын президентинин администрация башчысы Андрей Ермак орус армиясы тогуз кабат үйдү аткылаганын, жыйынтыгында өрт тутанганын айтты. Таңга маал орус армиясы аткылоосун дагы улантты.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей соңку бир суткада өлкө боюнча элүүдөй куралдуу кагылышуу катталган. Киев өткөн аптаны "оор жана чыңалган" деп мүнөздөдү.

"Душман негизги багыты катары чыгышты тандап алган. Ал жакта январдан бери бир нече багытта чабуул коюп келатышат", - деди 7-августта коргоо министринин орун басары Анна Маляр.

Ал ошондой эле орус күчтөрү Украина чыгышындагы "Харьков облусундагы жоготкон аймактарын кайтарып алгысы келип жатканын" кошумчалады.

Орусиянын бийлиги Москванын түштүк-батышында 7-августка караган түнү учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдиришти. Окуя Калуга облусунун Ферзиковский районунда болгон.

Облус губернатору Владислав Шапша "жарандар да, инфратүзүмдөр да жабыркабаганын" Телеграмга жазды.

XS
SM
MD
LG