Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Пакистанда темир жол кырсыгынан мерт кеткендердин саны 30га жетти


Аскерлер жана ыктыярчылар темир жол кырсыгы болгон жерде. Пакистан. Навабшах шаары. 6-август, 2023-жыл.
Аскерлер жана ыктыярчылар темир жол кырсыгы болгон жерде. Пакистан. Навабшах шаары. 6-август, 2023-жыл.

Пакистандын түштүгүндө 6-августта болгон темир жол кырсыгында мерт кеткендердин саны отузга жетти, 100дөн ашуун киши жаракат алды.

"Хазар экспресс" компаниясына караштуу поезддин сегиз вагону рельстен чыгып кеткен. Окуя Карачи шаарынан 275 чакырым алыстыкта жайгашкан Навабшах шаарындагы Сахара станциясынын жанында болгон.

Жабыркагандардын баары жакынкы ооруканаларга жеткирилди. Куткаруучулар вагондордун алдында калган жүргүнчүлөрдү чыгаруу менен алектенип жатышат.

Темир жолдорду тескеген министрликтин башчысы Саад Рафиктин айтымында, алдын ала маалыматтарга караганда поезд орто ылдамдык менен бараткан, кырсыктын себеби иликтенип жатат.

2021-жылы Пакистандын Синд провинциясында эки поезд сүзүшүп, 40тан ашуун кишинин өмүрү кыйылган, ондогон киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG