Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Чукул кабар: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


Өткөн аптада Түптөгү Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн.
Өткөн аптада Түптөгү Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 7-8-август күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти. Ошондой де айрым жерлерде катуу шамал болушу ыктымал.

"Коопсуздук чараларын сактап, жергиликтүү калктын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын күчү менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында аталган министрлик Түп районундагы сел жүргөн Кең-Суу жана Байзак айылдарында чыгымды тактоо, кырсыктын кесепетин жоюу иштери уланып жатканын билдирген.

Ага ылайык, 2-августтагы селде Кең-Сууда 31, ал эми Байзак айылынан 17 үйдү суу каптаган, төрт көпүрө жабыркап, экөө авариялык абалда турат. Андан сырткары жети ички чарбалык жол жабыркап, үч чакырымы калыбына келтирилди.

Нарын районунун Куланак айылында 22-июлда айылында нөшөр жаандан кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.

Июнь айында нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган жана өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суу ташкындап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Андан кийин сел каптаган Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

XS
SM
MD
LG