Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:23

Көкбөрү: президенттин кубогу Ошто өтөт


"Алай" (Ош) жана "Ак-Шумкар" (Чүй) көкбөрү командаларынын беттеши. Эмгекчил айылы, Нарын облусу. 31-август, 2022-ж.
"Алай" (Ош) жана "Ак-Шумкар" (Чүй) көкбөрү командаларынын беттеши. Эмгекчил айылы, Нарын облусу. 31-август, 2022-ж.

Быйыл өлкө эгемендигин утурлай өтө турган көкбөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт.

Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Көкбөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев маалымат жыйында билдирди.

Ага канча команда катышары Ысык-Көлдө өтө турган клубдар аралык кубоктон кийин белгилүү болот. Бул мелдеш 13-августта башталып, 20-августта аяктайт.

"Андан кийин командалар оюнчулардын жана жылкылардын абалына жараша чечим чыгарат", - деди Бегалиев.

Президенттин кубогу 24-августта башталат, ал эми финалдык беттеш 31-августта өтөт.

Дүйнө кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.

Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун былтыр Ош облусунун “Алай” командасы алган. Мелдеш Нарын облусунун Эмгекчил айылында өткөн. Ага 19 команда катышып, алты тайпага бөлүнүп ойношкон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG