Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

Путин жашыруун буйруктарга кол койгону маалым болду


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

2023-жылдын июль айында Орусиянын президенти Владимир Путин рекорддук сандагы жашыруун буйруктарга кол койгону аныкталды.

Документтердин 62% коомчулукка жарыяланган эмес. Бул тууралуу "Медизонанын" иликтөөсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, 27-31-июль күндөрү эле 12 жашыруун буйрукка кол коюлган. Мындай көрүнүш 1999-жылдын башында болгон. Анда буйруктардын 64% жарыяланган эмес.

"Медизона" белгилегендей, негизинен согуштун катышуучуларына, анын ичинен согушта курман болгондорго дагы сыйлык тапшыруу жөнүндө жашыруун буйруктар чыгарылат.

Авторлордун жазышынча, 2022-жылдын мартында мындай буйруктардын 54% ачыкка чыкпаса, Украинада толук кандуу согуш башталгандан бери бул көрсөткүч кыйла өскөн.

"Медиазона" басылмасы президенттин жыл башынан бери чыккан буйруктарын анализдеген. Алардын баарынын атайын номуру болот. Эгер кайсы бир номур көрсөтүлбөсө, ал буйрук жашыруун деп саналат.

XS
SM
MD
LG