"Эл үмүтү" стипендиясына тандалбай калган төрт адам арызын кайра карап чыгууну өтүнүп, президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабинетининин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылышты.
Алар сынактын финалдык турунда айрым мүчүлүштүктөр болгонун белгилешкен. Талапкерлердин бири Сүйүмкан Уланбек кызы кайрылууну өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Анда финалга чыккандардын арасында дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өтпөгөндөр дагы бар экени айтылган.
"Эң башкы биздин нааразылык - бул бардык эрежелер каралбай туруп чечим чыгарылганы. Негизи, "Эл Үмүтү" стипендиясынын сынагына катышкан адам дүйнөдөгү эң мыкты 100 университеттин бирине өткөн болушу керек. Бул жобо каралган жок, стипендиянын жеңүүчүлөрүнүн арасында топ-100 окуу жайларга катталбаган студенттер да бар. Бардык талаптарга жооп бергенибизге карабай, бизге стипендия берилген жок", - деди Сүйүмкан Уланбек кызы.
Кайрылуу ээлери конкурстун жүрүшүндө эрежелер өзгөргөнүн белгилешкен.
Билим берүү жана илим министрлиги 3-августта "Эл үмүтү" стипендиясына 17 талапкердин 13ү тандалып алынганын билдирген. Сынак жарыялангандан бери жалпысынан 63 киши бул стипендияга арыз тапшырган. 45инин арызы талапка жооп берген эмес, бирөө баш тарткан.
Бул жылы стипендия Колумбия, Сассекс, Стэнфорд, Гарвард, Висконсин-Мэдисон, Эдинбург, Сеул улуттук университети жана башка чет мамлекеттердеги окуу жайларга тапшырып, магистратурага өткөн жана докторлукту жактай турган студенттерге берилди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Сүйүмкан Уланбек жарыялаган кайрылууга жооп берип, стипендия "биринчи кезекте экономика тармагында суроо-талапты жараткан жогорку технологиялык жана илимий адистиктер үчүн" белгиленгенин айткан.
Былтыр бул программага сегиз талапкер тандалып алынып, жалпысынан 30 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Бул жылы канча каражат бөлүнгөнү айтыла элек.
Президент Садыр Жапаров былтыр май айында "Эл үмүтү" деп аталган эл аралык стипендияны түзүү жарлыгына кол койгон.
Стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Берилчү акчанын көлөмү тандап алынган университетке жараша аныкталат жана жылына 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.
“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына тандоо 4-августта башталган. Бирок анын шарттары, акча төлөп берүү системасы боюнча кайчы пикирлер чыккан.
Кыргызстандык студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда "XXI кылымдын кадрлары" деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер университетти бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу. Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган. (КЕ)