3-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде Экономика жана коммерция министрлигинин, ага караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Юстиция министрлигинин өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, ыктыярдуу легалдаштыруу жана мүлктөргө мунапыс берүү жараянына баштан-аяк түшүндүрмө беришти.
Мурдатан айтылгандай, бул өнөктүктүн алкагында ушул убакка чейин тапшырылган декларациялардын баары (ишкерлерден башкалардыкы) толук жок кылынары айтылган. Басма сөз жыйында кагаз документтер 7-август күнү Бишкек шаарындагы санитардык полигондо атайын комиссиянын жана журналисттердин өрттөлөрү айтылды. Ошол эле күнү “Салык сервис” ишканасы электрондук декларациялардын баарын тиешелүү сайттан өчүрөт.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев бардыгы жок кылынган соң жарандар кайрадан жаңы декларация тапшыра баштайт. Муну менен алар мурда катталбаган мүлктөрүн киргизип, мыйзамдаштырып алууга мүмкүнчүлүк алышат.
“Биз азыр баарын даярдадык. Санкцияга кабылган же эл аралык издөөдө жүргөн адамдардын тизмесин тактап койдук. Алардын декларациясы жок кылынбайт. Ошол эле маалда калган декларацияларды жок кылуу келерки жылдары кайра декларация тапшырылбайт дегенди түшүндүрбөйт. Ал кала берет”, – деди Алиев.
Жарандар жалпы декларация тапшыргандан сырткары атайын декларация да тапшырса болот. Мунун биринчисинде Кыргызстандын ичиндеги мүлктөрүн каттаса, экинчисинде чет жактагы активдерин көрсөтөт. Атайын декларация нотариалдык сыр болуп саналат жана ачык жарыяланбайт.
Министрликтердин өкүлдөрү түшүндүргөндөй, кабинети көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылдан ашуун убакытка созулат. Байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилет. Эгер декларацияга киргизилген мүлктөрдүн баасы 100 миллион сомдон ашса, мамлекетке бир ирет 1 миллион сомдук декларациялык төлөм төлөнөт.
Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга 20-июнда кол койгон. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 4-майда кабыл алган.
Мыйзам жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдаштырууга багытталган. Анда жарандар өзүнүн башка кишилердин атына катталган же чет өлкөлөрдөгү байлыгын, мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыра алышат. Өлкөнүн экономикасына ички, тышкы инвестицияны көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу мүмкүнчүлүгү бар экени, мүлктөрүн буга чейин жашырып келгендер мамлекеттик органдар тарабынан жоопко тартылбай турганы жазылган.
Оппозициялык депутаттар жана айрым жарандык коом өкүлдөрү легалдаштыруу кампаниясын коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн демилге катары сыпатташкан. (ErN)