Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:12

Орус армиясы Киевди “Шахед” дрондору менен аткылады


Орус армиясынын дрону жарылып жаткан учур. Киев. 2-август, 2023-жыл.
Орус армиясынын дрону жарылып жаткан учур. Киев. 2-август, 2023-жыл.

Украин баш калаасынын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко билдиргендей, 3-августка караган түнү орус армиясы урган жанкечти дрондордун баары абадан атып түшүрүлдү.

Украин аба күчтөрү кабарлагандай, 15 “Шахед” жана жети чалгын дрону жок кылынган. Киевде жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Украианада коркунуч тууралуу эскертүү үч саат тынбай жаңырды. Ушул эле түнү Днепропетров облусундагы эки районго чабуул жасалды. Анын жыйынтыгында төрт менчик үй жана мектеп талкаланды.

2-августка караган түнү орус армиясы негизинен Одесса жана Киев облустарына абадан чабуул койгон. Одессадагы портторду аткылоодон дан кампалары жана элеваторлор жабыркап, 40 миң тонна буудай жарактан чыккан.

XS
SM
MD
LG