Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:52

Кыргызстандык таксисттин сабалышына байланыштуу Орусияга нота жөнөтүлдү


Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.
Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги таксист болуп иштеген кыргызстандыктын сабалышына байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 3-августта кабарлады. Маалыматка карганда, таксистке кол салуу окуясы 2023-жылы 18-июнда болгон. Жабыркаган адам элчиликке кайрылган эмес.

"Видео социалдык тармактарга тарагандан бери элчилик жабыркаган жарандын тек-жайын тактоо жана аны издөө иштери башталган. Элчилик жабыркаган жаран менен байланышып, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандыкка жанында отурган адам кол көтөргөн видео социалдык тармактарга тараган. Анда машинада сыра ичүүгө болбой турганын айткан айдоочуну жүргүнчү башы-көзгө койгулап жибергенин көрүүгө болот.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG