Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Зеленский "тынчтык саммитин" күзүндө өткөрүүгө чакырды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Президент Владимир Зеленский Украина боюнча "тынчтык саммити" ушул күздө өтөрүнө үмүттөнөрүн шаршембиде билдирди. Ал ушул жумада Сауд Арабиядагы сүйлөшүүлөр ошол максатка карай жасалган кадам экенин кошумчалады.

Украинанын президентинин сайтына жарыяланган билдирүүдө Зеленский 5-6-августта Жиддада өтө турган жыйынга дээрлик 40 өлкөдөн өкүлдөр катышарын айткан.

Зеленский жана анын командасы “тынчтык саммитин” өткөрүүгө кеңири колдоо табуу үчүн өнөктөштөрү менен иштешүүдө. Форумда согушту токтотуу боюнча аракеттердин негизги принциптери кабыл алынышы күтүлүүдө. Саммиттин күн тартиби Киев былтыр күздө иштеп чыккан 10 пункттан турган пландын негизинде түзүлөт.

Бул планда белгиленген тынчтык концепциясы Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүнү жана орус аскерлерин толук чыгарып кетүүнү карайт.

Саммит өтө турган жер азырынча айтыла элек деп белгилейт Reuters. Украина жана Батыштын расмий өкүлдөрү Орусия саммитке катышпай турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG