Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:41

Назарбаевдин тун небереси "Транстелекомдун" директорлор кеңешин жетектеди


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун небереси Нурали Алиев. Архивден алынган сүрөт.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун небереси Нурали Алиев. Архивден алынган сүрөт.

Казакстандагы "Транстелеком" байланыш түйүнүнүн директорлор кеңешинин жетекчилигине мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин улуу небереси Нурали Алиев келди.

Бул тууралуу Казакстан фондулук биржасы (KASE) кабарлаганын "Азаттыктын" казак кызматы 1-августта жазды.

Мындай чечим 25-июлда өткөн акционерлердин жыйынында кабыл алынган.

Маалыматка караганда, Нурали Алиев 2016-жылы биринчи жолу директорлор кеңешинин курамына кирген.

2022-жылдын башындагы Январь окуяларынан кийин экс-президенттин айрым туугандары, кудалары, жакындары кызматынан четтетилип, кээ бирөөлөрү жемкорлукка айыпталып түрмөгө камалган.

38 жаштагы Нурали Алиев Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин тун уулу. Ал 2014-2016-жылдары Астана шаарынын акиминин орун басары болгон.

Forbes Kazakhstan журналы Нурали Алиевди 249 миллион доллар байлыгы менен 50 бай казакстандыктын тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG