Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Түп районунда үч кыздын зордукталышы боюнча тергөө жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түп районунда үч кызды зордуктоого шектелген жарандын иши тергелип жатат. Бул тууралуу маалыматты укук коргоочу Камил Рузиев 1-августта “Азаттыкка” билдирди. Ал жабырлануучулар бир туугандар болгонун, алардын экөөнүн майыптыгы бар экенин айтты.

“Кыздардын апасы башка турмуш курганы үчүн аларды таенеси карап жүргөн. Алар бир канча жолу зордукталган. Майыптыгы барлардын экөө интернатта окуп жүрүптүр. Кийин бирөөнү ал жайдан чыгарып коюшуптур”, - деди Рузиев.

Бул маалыматты Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы да ырастап, июнь айында кылмыш иши козголгонун билдирди. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү кыздардын өгөй таятасы болгон. Жабыр тарткан кыздарды экөө өспүрүм курактагылар, бири 23 жашта. Алардын апасы милицияга жазган арызында өгөй атасы анын кыздарын зордуктап келгенин билдирген.

Милиция шектүү жаран кармалып, эки айга камакка алынган, учурда соттук-психиатриялык, психологиялык экспертиза жүрүп жатканын кабарлады.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.

Балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын былтыр мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да билдирген. Мамкатчы келтирген маалыматка караганда, былтыр жылдын биринчи жарымында эле балдардын зордук-зомбулукка кабылган 500 учуру катталган, анын 55и сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болгон.

XS
SM
MD
LG