Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Польша чек арасын Беларустун тик учактары бузганын жарыялады


Польшанын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Польшанын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Польша өлкөнүн чек арасын коңшу Беларустун тик учактары бузганын жарыялады. Мындай билдирүү менен поляк Коргоо министрлиги чыгып, инцидент тууралуу НАТОнун жетекчилигине кабар берди.

Мекеменин маалыматында чек арага жакын жерде машыгуу өткөрүп жаткан беларус тик учактары Польшанын аба мейкиндигин 1-август күнү уруксатсыз кесип өтүшкөн. Окуя Беловеж районунда катталган.

Польшанын коргонуу мекемесинин башчысы Мариуш Блащак буга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин жыйынын чакырган. Ал чек арада кызмат өтөгөндөрдүн санын көбөйтүп, кошумча күчтөрдү, анын ичинде согуштук тик учактарды тартканы айтылат.

Инцидентти териштирүү үчүн Беларустун Варшавадагы убактылуу өкүлү Польшанын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Варшава соңку мезгилдери Беларус менен Орусия “Польшага каршы гибриддик согушту күчөткөнүн” билдирип келет.

Беларустун Коргоо министрлиги бул билдирүүнү “ойлоп табылган факты” деп атап, Ми-24 жана Ми-8 чек арага чейинки аймакта гана машыгуу өткөргөнүн билдирди. Мекеме муну Польша тарап Беларус менен чек арасына аскерлерин жыйноого шылтоо катары пайдалануу үчүн жарыялаганын кабарлады.

29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларуста жүргөн “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын 100дөй жалданмачысы Польша менен Литванын чек араларына жакын жерге жеткирилгенин жарыялаган. “Вегнерчилер” Орусияда козголоң чыгаргандан кийин Беларуска чыгып кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG