Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Каракол шаардык сотунда укук коргоочу Камил Рузиевдин арызы каралат


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

2-августта Каракол шаардык сотунда укук коргоочу Камил Рузиевге карата мурда козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугуна байланыштуу соттук отурум өтөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Рузиев өзү билдирип, Ысык-Көл облустук сотунан да ырасташты.

10-январда Жогорку Соттун соттук коллегиясы Камил Рузиевди актаган чечим чыгарган. Укук коргоочу өзүнө карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун белгилеп, буга чара көрүү үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасына кайрылганын айтты.

“Мага кылмыш иши жасалма негизде козголгону үчүн чара көргүлө деп кайрылсам, кылмыш ишин козгоодон баш тартышты. Прокуратуранын тергөө бөлүмү эч кандай экспертиза жүргүзбөй туруп эле “кылмыштын курамы жок” деп корутунду чыгарды”, - деди Рузиев.

Прокуратура бул боюнча маалымат бере элек.

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, укуктук жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу 2020-жылы 30-майда "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган.

Каракол шаардык соту 2022-жылдын 12-августунда Рузиевди "ишинде кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган.

Шаардык соттун мындай чечимине каршы болгон прокуратура облустук сотко кайрылган. Облустук сот "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен айыптап, ага 80 миң сом айып салган.

Рузиевдин адвокаты Ысык-Көл облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз жолдогон.

XS
SM
MD
LG