Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

“Москва-ситиге” кайрадан дрондордон чабуул болду


 “Москва-сити” кварталы дрон чабуулунан кийин.
“Москва-сити” кварталы дрон чабуулунан кийин.

1-августка караган түнү “Москва-сити” бизнес кварталындагы "IQ-Квартал" деп аталган көп кабаттуу имаратка учкучсуз учак сокку урду. Бул тууралуу Орусиянын расмий маалымат каражаттары жана Телеграм-каналдар жазды.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Телеграм-каналында билдиргендей, имараттын 21-кабатындагы терезелер талкаланган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги Москванын чет жакасында эки украин учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Алардын бири башкаруусун жоготуп, “Москва-ситидеги” Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги жайгашкан имаратка тийген.

30-июлга караган түнү Москва шаарына учкучсуз учактардан чабуул жасалып, "Москва-сити" бизнес борборунун эки мунарасы жабыр тарткан. Имараттын бир нече кабатынан терезелер күбүлүп түшүп, бир киши жараат алганы кабарланган. Маалыматтарда чабуул эки дрондон болгону айтылат.

Бул окуялардын фонунда Москвада учуп-конууга тыюу салынып, "Внуково" аэропортунун иши үзгүлтүккө учурады.

Украинанын жетекчилиги бул чабуулдарды комментарийлеген жок. Орусиянын ичиндеги чабуулдарга украин бийлиги расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө албайт.

Орусиянын бийлиги буга чейин дагы башкалаа дрон чабуулуна кабылганын маалымдаган. Анын ичинде май, июнь айларында жана июль айларынын башында да ушундай окуялар катталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG