Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

"Евразияга эркиндик" уюму Нукус окуяларында 55 киши каза тапканын жарыялады


2022-жылдын июль айында Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында болгон каршылык акциясы.
2022-жылдын июль айында Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында болгон каршылык акциясы.

Австриялык "Евразияга эркиндик" укук коргоо уюму былтыр июль айында Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасындагы тополоңдо каза болгондордун расмий жана активисттер түзгөн бейрасмий тизмесин жарыялады. Ага ылайык, Нукуста өзбек өкмөтү билдиргендей 21 эмес, бери дегенде 55 киши мерт кеткен.

Freedom for Eurasia сайтында жарыяланган баяндаманы таанымал укук коргоочу Виталий Пономарев, Галым Агелеуов жана Дмитрий Кабак даярдашкан. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы 31-июлда жазды.

Алар Каракалпакстан менен Бухарага эки жолу барып, окуянын күбөлөрү менен сүйлөшүп, жеринен далилдерди чогултууга аракет кылышкан. Үчүнчү жолу расмий Ташкент укук коргоочуларды өлкөгө киргизбей койгон.

Андан тышкары баяндаманын чыгышына салым кошкон каракалпакстандык активисттердин ысымдары коопсуздук маселесине байланыштуу ачык жазылган эмес.

Документте белгилегендей, Улуттук гвардиянын төрт өкүлүнүн өлүмү тууралуу бийликтин маалыматы ырасталган эмес.

"2022-жылдын 1-2-июль күндөрү Каракалпакстанды коомдук тартипти сактоого тартылган бир да күч кызматкери курман болгон эмес", - деп жазылган баяндамада.

Баяндамада расмий бийлик жарыялаган 21 кишиден башка дагы 34 адамдын өмүрү кыйылганы ырасталган. Авторлор бул акыркы тизме эмес экенин, Нукус окуяларында 70тен көп киши өлгөнү тууралуу маалымат бар экенин белгилешти.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулган.

Буга чейин АКШ, Евробиримдик, БУУ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийлигин Каракалпакстандагы окуяларды ачык, ар тараптуу жана айкын иликтөөгө, тынч демонстранттарга ашыкча күч колдонулган деген дооматтарды териштирүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG