Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:43

Бишкек мэриясы конуш тургундарын газ койдурууга чакырды


Бишкекте газдаштыруу маселеси айрыкча кыш мезгилинде, ыш көйгөйүнөн улам көтөрүлүп келет.
Бишкекте газдаштыруу маселеси айрыкча кыш мезгилинде, ыш көйгөйүнөн улам көтөрүлүп келет.

Бишкек шаардык мэриясы конуштарда, шаардагы жер тамдарда жашаган тургундарды үйлөрүн газ менен жылытууга өтүүгө чакырды. Газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берилип жатканын маалымдады.

Учурда акимчиликтерде "Газпром Кыргызстан" ишканасынын, "Айыл банк" жана "РСК банктын" өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп жатканын, жеңилдетилген насыянын шарттары тууралуу маалымат алса болорун белгиледи.

"Аталган банктар 150-200 миң сомго чейин, 24 айга бөлүп төлөө менен, төмөн пайызда, күрөөсүз, кепилдиксиз жана баштапкы төлөмү жок насыя берүүгө даяр. Ошондой эле насыяны төлөөнүн ыңгайлуу жадыбалын тандоого эркиндик беришет. Урматтуу шаардыктар! Газ экологиялык гана эмес, каржы жагынан дагы пайдалуу. Талдоо көрсөткөндөй, көмүр жагуу алда канча кымбатка түшөт", - деп жазылган маалыматта.

Мэрия 17-июлдан тартып газ койдургусу келген жарандарга жеңилдетилген насыя бериле башталганын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул айдын башында Санкт-Петербург шаарындагы сапары алкагында "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер менен жолуккан. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда газ менен камсыздоо жаатында эки-өлкөнүн алака-катышы талкууланганын билдирген.

Жыл башында өкмөт башчы Бишкектеги ыш көйгөйүнөн улам шаардын жака белиндеги 20 конушту жакын арада газдаштыруу керектигин айткан. Ал тиешелүү министрликтерге жана Бишкек шаардык мэриясына бул жаатта “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

Шаардын жака-белиндеги 50гө жакын конуштун 27си газдаштырылган.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн.

Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубл жумшоону убада кылган.

XS
SM
MD
LG