Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коррупцияга шек саналып кармалган адамдардын үй камагына чыгышы тууралуу сын-дооматтарга жооп берди. Анда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтургандардын, тергөө менен кызматташкандарды бөгөт чарасы өзгөртүлүп жатканын маалымдады.
"Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурса, тергөө менен кызматташса, кылмыштын бетин ачууга жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөктөшкөн көрсөтмөлөрдү берсе, айыпталуучунун медициналык корутунду менен ырасталган оорулары бар болсо, анда тергөөчүлөр сотко анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү жөнүндө же кетпөө жөнүндө тил кат менен бошотуу өтүнүчүн берет. УКМК бөгөт чарасын өзгөртүү, камактан бошотуу аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой тургандыгын белгилейт. Ал эми кылмыш иштери соттун чечими менен аяктайт. Атайын кызмат коррупцияга каршы күрөштү улантып жатат жана ага тиешеси бар адамдар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылат", - деп жазылган маалыматта.
Ушул жылдын май айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи айлампасы башталганын билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына жемкорлукка каршы күрөштүн биринчи этабы оңой болбогонун, кийинкиси андан дагы оор болорун, болгон мүлкүн алуу өңдүү күчөтүлгөн жаза колдонуларын жазган.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, коррупцияга каршы күрөштөн 2022-жылы мамлекетке 11 млрд 679 млн 607 миң 984 сом зыян келтирилген. Анын 3 млрд 554 млн 193 миң 960 сому акчалай өндүрүлгөн. Ал эми 5 млрд 701 млн 715 миң 118 сому мүлк катары кайтарылган. Буга мисал катары бала бакчалар, жер тилкелери саналган.
Жыл башында, Transparency International эл аралык уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган кезектеги баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, жемкорлук индексинде Кыргызстан мурдагы жылкыдай эле былтыр дагы жалпы 100 баллдан 27 упай гана алган да, 185 өлкөнүн ичинен 140-сапка жайгашкан. Анда аталган уюм расмий Бишкек автократияга ыктап, бийликтегилердин кызмат абалынан кыянат пайдалануусуна жол ачылганын эскерткен.
Дагы караңыз