Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Дания Куранды өрттөөгө жол бербөөнүн мыйзамдык жолун караштырууда


Даниядагы Куранды өрттөө акциясына нааразылык билдирип чыккан йемендиктер. 24-июль, 2023-жыл. Сана шаары.
Даниядагы Куранды өрттөө акциясына нааразылык билдирип чыккан йемендиктер. 24-июль, 2023-жыл. Сана шаары.

Дания өкмөтү Куранды өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолун" табууга аракет кылат. Бул тууралуу 30-июлда тышкы иштер министр Ларс Лeкке Расмуссен билдирди.

Даниянын Тышкы иштер министрлиги ушул эле күнү тараткан атайын билдирүүдө: "Сөз эркиндиги Дания коомунун эң башкы баалуулуктарынын бири деп саналат. Куранды өрттөө акциялары ушундай кеңири масштабга жеткендиктен, дүйнөнүн булуң-бурчунда Данияны башкалардын салт-санааларын, маданиятын жана динин басмырлоого жол берген мамлекет катары кабыл алып жатышат", - деп жазылган.

Он бештей мамлекеттин бийлиги Копенгагенде өткөн Куранды өрттөө акцияларын айыпташты.

Дания менен Швецияда Куранды өрттөө акциялары күч алганына байланыштуу 31-июлда Ислам кызматташтык уюмунун жыйыны өтөрү күтүлүп жатат.

30-июлда Даниядагы чет мамлекеттердин элчиликтеринен алдында Куранды өрттөө боюнча беш акция өткөн. Ал эми 31-июлга дагы жети акция пландалганын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Даниядагы Куранды өрттөө акциялары мусулман мамлекеттеринде калктын кыжырдануусун жаратты. Даниянын Ирактагы элчилигинин алдына чогулган жүздөгөн кишини полиция суу бүркүп таратты.

Куранды же башка диний китептерди өрттөө Данияда кылмыш деп эсептелбейт.

Куранды өрттөө акциясы алгач Швецияда июнь айынын соңунда башталып, андан бери бир нече жолу кайталанды.

Расмий Стокгольм да бул акцияларга уруксат бербөөнүн мыйзамдуу жолун караштырып жатканы жөнүндө Politiken басылмасы жазды.

XS
SM
MD
LG